Баткенде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулат

21 июля 2021, 14:00

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын административдик имаратын жана сегиз батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Курулушка 31 миллион 102 миң сом жумшоо пландалууда.