Октябрдын ортосунда Баткенде инвестициялык форум өтөт

30 сентября 2021, 09:01

Ушул жылдын 13-октябрында Баткенде Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында "Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар министрлиги билдирди. 

Иш-чара президенттин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлөт. Форум келечекте региондун социалдык-экономикалык өнүгүү Концепциясын аныктоого салым кошууга багытталган.

Ал мамлекеттик-жеке диалогдун аянтчасына айланат, анда Кыргызстандын финансы институттары инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин көрсөтүшөт, эл аралык эксперттер ата мекендик ишкерлер үчүн практикалык семинарларды өткөрүшөт. Катышуучулар долбоорлорго насыя кепилдиктерин берүү шарттарын, бизнес экосистемасынын пилотун жана регионду өнүктүрүүгө байланышкан көптөгөн башка маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле, конокторго Баткен шаарында мейманкана жана Исфана шаарында өрүк иштетүүчү логистикалык борбордун долбоорлору сунушталат.