Баткенде эски бала бакчанын орду тигүү цехи болот

4 ноября 2022, 11:15

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылынын жергиликтүү бийлиги эски бала бакчанын имаратын тигүү цехи кылуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 13 миллион 36 миң 431 сомду түзөт.

Көрсөтүлгөн  техникалык тапшырма боюнча,  тигүү цехине 70 тигүү машинасы, 16га жакын ар кандай оверлок машиналары, кездеме, жибек чийүүгө арналган машиналар жана башка тиешелүү техникалар орнотулат.

Мындан тышкары, имаратта ашкана болот.