Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 млн сомдук тиричилик буюмдары кармалды

8 апреля 2021, 16:15

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 млн смодук идиш-аяктар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Көк-Талаа» көзөмөл пунктунда «VolvoPH12» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 млн сомдон ашуун.