Баткенде 2,4 тонна контрабандалык жүк кармалды

20 сентября 2021, 11:20

Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары 18-сентябрда мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташууну токтотту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеде белгиленгендей, чек арачылар 1981-жылы туулган КРнын жараны А.К башкарган "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасын кармашкан. Айдоочу 2,4 тонна жүзүмдү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Аталган аймакта Hyundai-Porter унаасы кармалган. Айдоочу, Кыргызстандын жараны А.К., Тажикстандан Кыргызстанга уруксат документтери жок курулуш жана тиричилик материалдарын алып өтүүгө аракет кылган.