Баткен: чегарада 3,6 тоннадан ашык мыйзамсыз жүк кармалды

1 сентября 2021, 15:39

Баткен чек ара отрядынын чек арачылары контрабандалык товарларды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү токтотту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

2021-жылдын 31-августунда Баткен облусунун Ганжак аймагында чек арачы "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү эки унааны кармаган. Унааларды текшерүү учурунда 3,6 тоннадан ашык мыйзамсыз жүзүм табылган.

1-сентябрда Баткен облусунун Дахан аймагында чек арачылар Hyundai-Porter унаасын жана КРнын үч жаранын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда 660 миң сомдук контрабандалык курулуш материалдары табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.