Баткенде 931 миң долларлык мектептин курулушу аяктап калды

25 августа 2021, 12:30

Баткен районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура агенттиги билдирди.

Учурда объекттин курулушка даярдыгы 90%ды түзөт. Подрядчы ички жасалгалоо жана жашылдандыруу иштерин аяктап жатат.

Жаңы мектеп 275 окуучуга ылайыкталган, сметалык баасы 931 миң доллар, анын 484 миң доллары Сауд өнүктүрүү фондунун насыя эсебинен каржыланган.