Баткенде 90дон ашык субъектиге жеңилдетилген насыя берилди

16 августа 2022, 10:39

Ушул жылдын 11-августуна карата “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында 93 субъект насыя алганын Каржы министрлиги билдирди.

Кредиттин жалпы суммасы 66 миллион сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, долбоордун алкагында 2022-жыл ичинде “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана “Керемет Банк” тарабынан Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке жактарга, кичи жана орто бизнеске төмөндөгүлөрдү өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт:

  • айыл чарбасы;
  • айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • өнөр жай;
  • туризм;
  • транспорт;
  • экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар;
  • соода-логистикалык борборлор жана жашылча дүкөндөрү;
  • инновациялык ишмердүүлүк (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү);
  • коргоочу медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү;
  • соода;
  • тейлөө тармактары;
  • билим берүү;
  • маалыматтык технологиялар.

Кредит берүү жеңилдетилген пайыздык чен боюнча, анын ичинде Улуттук банктын талаптарына ылайык банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.