Баткенде көмүрдүн баасы 13 миң сомго көтөрүлдү

11 ноября 2021, 15:34

 

Баткен облусунда жана Чаткалда көмүрдүн баасы 13 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана каржы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, ал жерде монополияга каршы кызмат бир катар иш-чараларды жүргүзүп, анын натыйжасында бааларды 8500 сомго чейин түшүрүүгө мүмкүн болгон.

Кеңешбай Тайлаков журналисттерге жакын арада мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн өз ишин туура эмес аткарып жаткан кызматкерлерине чара көрүлөрүн убадалады.