Баткен облусунда 250дөй жаран компенсация алды

11 октября 2022, 15:22

Баткенде 14-17-сентябрдагы Тажикстандын агрессиясында үйү жабыркаган 246 жаранга атайын эсептен компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Төлөнгөн компенсациянын жалпы суммасы 49,2 миллион сомду түздү. Атайын эсепте 11-октябрга карата 275 миллион 935 миң 837,09 сом бар.

Каржы министрлиги компенсация үйү күйүп кеткен тургундарга бир жолу төлөнүүчү төлөм экендигин белгиледи.