Баткен облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

18 февраля 2020, 10:15

Абдрахманов Алишер Орозбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү билдирет.​

Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.