Баткенде 12 жаңы мектеп курулуп, дагы 6 мектеп оңдолот

18 февраля 2022, 11:28

3 миң 450 окуучуга эсептелген 12 мектептин, ошондой эле бала бакчанын жана бир саламаттыкты сактоо мекемесинин курулуш иштерине бюджеттен 55 млн 771,6 миң сом бөлүнөт.

Алты мектепти жана бир маданий объекти оңдоого бюджеттен дагы 8 млн сом каралган.

“Облустун 18 айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерине 7 млн ​​сом, ирригациялык курулуштарга жана сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга 198,2 млн сом бөлүндү. Ошондой эле, коргоо жана укук коргоо органдарынын объектилерин оңдоого бюджеттен 92,1 млн сом каралган”, - деп билдирет Финансы министрлиги.