Баткенде 72 миллион сомго мектеп курулат

4 января 2021, 09:20

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Ал Кадамжай районунун Чечме айылына курулат. Курулушка 72 миллион 10 миң сом сарпталышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен районунун Кайыңды айылында да 150 орундуу мектеп курулганы турат.