Баткенде заманбап медициналык борбор курулат

7 октября 2022, 12:46

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен заманбап жеке медициналык дартты аныктоо борбору курулат.

Долбоор КОӨФнун түз каржылоосу менен ишке ашырылууда. Насыя курулуш-монтаждоо иштерин бүткөрүүгө жана медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Учурда Баткен облусунда урологиялык ооруларды операция кылуучу адистештирилген медициналык мекеме жок. Бейтаптардын көбү Бишкек, Ош же Өзбекстандын медициналык борборлоруна кайрылууга аргасыз. Бул долбоорду ишке ашыруу облус тургундарынын сапаттуу медициналык жардам алуусун жеңилдетет.

Адистешкен медицина кызматкерлери калкка эндоурологиялык, эндохирургиялык жана эндотравматологиялык операция сыяктуу кызматтарды көрсөтөт.  Клиника күнүнө 100гө жакын бейтапты кабыл ала алат. Стационардык бөлүмдө 30 койка 13 палата куруу пландалууда. Акыркы жабдыктардын аркасында операциялар хирургиялык кийлигишүүсүз жасалат.