Баткен облусунда бир жылда жумушсуздардын саны 24%га өстү

31 марта 2023, 09:04

Кыргызстанда 1-мартка карата ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 73 миң 958 адамды түздү. Ошол эле учурда, расмий катталган жумушсуздардын эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында катталды. Бул жалпы сандын 50,9%ын түзөт.

Жалпысынан былтыркыга салыштырмалуу Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,3%га азайган. Бул Баткен жана Талас облустарын кошпогондо, республиканын бардык аймактарында расмий жумушсуздардын кыскарышы менен шартталган. Бул аймактарда көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 24% жана 5,8%га өскөн. 

“Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,2%ын аялдар түзөт. Ошол эле учурда жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8% түздү”, - деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.