Баткен районун ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарына 21,8 млн сом жумшалат

2 июня 2021, 12:35

“Баткен жана Талас облустарынын айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдары курулат. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткен районунун Кыш-Тут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жалпы суммасы 21,8 млн сомду түзгөн курулуш жумуштары башталды.


Аталган долбоорго 44 айылдын ичинен Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген. Азыркы учурда аталган айылдардын долбоордук сметалык иш кагаздары иштелип жатат, ал эми Максат жана Жаштык айылдарында курулуш монтаждоо жумуштары июль айынын башында башталары белгилүү болду. 


Андан тышкары, Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарында жана Баткен районунун Кайынды, Кан жана Сары-Талаа айылдарында долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган айылдарда курулуш жумуштары ушул жылдын август айында башталат.