Базар-Коргондо жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

6 декабря 2019, 12:52

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы форматтагы калкты тейлөө Борбору ачылды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекетти каттоо кызматы билдирет. 

Жаңы ачылган бул калкты тейлөө борбору 300 миң жаранга кызмат көрсөтө алат жана заманбап жабдыктар менен толукталган. Жалпы аянты 385 кв метрди түзөт. 

Буга чейин аянты 76 кв метрди түзгөн тар имаратта кызмат көрсөтүп келишкен.