Базар-Коргондо 72,4 млн сомго мектеп курулат

24 сентября 2021, 11:38

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында мектеп курулат. Мамкурулуштун маалыматы боюнча, объектинин сметалык баасы 72,4 миллион сомду түзөт.

Учурда курулуш-монтаждоо иштерине подрядчыны тандоо боюнча сынак өтүп жатат.

Объектинин курулушун 2022-жылы аяктоо пландалууда.