Бишкекте букмекердик кеңселерге рейд жүрүүдө

17 февраля 2023, 15:20

Бишкекте букмекердик кеңселерге рейд жүрүп жатат. Текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Октябрь району боюнча төмөнкү даректер боюнча беш букмекердик кеңсе текшерилди.

"Текшерүү учурунда букмекердик конторалар Салык кызматында катталган ишкердик ишмердүүлүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барары, алардын тиешелүү лицензиясы бар экендиги аныкталган. Текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган эмес. Иш уланууда", - деп билдиришти мэриядан.