Бишкекке Оренбургдан 164 кыргызстандык келди
20-май күнү «Манас» эл аралык аэропортуна «Тез Джет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамы аркылуу 164 кыргызстандык өлкөгө келди.
Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат.
Бул рейс Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.