Япония менен Кореядан 43 кыргызстандык келди

14 мая 2020, 16:47

Бүгүн, 14-май күнү Япония менен Кореядан Кыргызстанга 43 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Учурда келгендердин баары обсервацияга алынган.

Министрлктен белгилешкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылат.