Бишкекке жаңы автобустар келди

11 января 2023, 11:07

Бишкекке 20 жаңы автобустун биринчи партиясы келди. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, кыймылдаткычы газ менен иштейт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган. Анда 26 орундук жайгаштырылып, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталган.

Эске салсак, автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.