Михаэль Линхарт Бишкекке расмий иш сапары менен келди

5 ноября 2021, 13:14

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен 5-ноябрда Кыргызстанга Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Михаэль Линхарт келди.

Маалым болгондой, ал Европа Биримдиги – Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна катышат.

Мындан тышкары, Линхарттын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өлкө жетекчилиги жана республиканын тышкы иштер министри менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.