Бишкекте 1 млн доллардан ашык акчага гимназиянын корпусу курулуп жатат

30 июля 2021, 16:30

Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы № 5 улуттук компьютердик гимназия үчүн кошумча окуу корпусунун курулушу планга ылайык жүргүзүлүп, 82% га бүткөрүлгөнүн Мамлекеттик архитектура комитети билдирди.

Учурда подрядчиктер ички жасалгалоо, суу менен камсыздоо, канализация жана тышкы тармактар ​​боюнча жумуштарды аяктап жатышат. 

Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына 2020-жылдын январь айында башталган. Имараттын болжолдуу баасы 1 миллион 28 миң долларды түзсө, анын 648 миң долларын фонд каржылаган.

Кошумча имараттын курулушун жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалып жатат.