Бишкекте 900 миң сомдук алкоголдук продукция мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

6 октября 2021, 17:30

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкектеги "Азиз" базарынын аймагында рейддик салык көзөмөлү учурунда жасалма акциздик маркалуу жана иш жүзүндөгү көлөмгө туура келбеген акциздик маркалар менен алкоголдук ичимдиктерди табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 4 миң 571 бөтөлкө спирт мыйзамсыз жүгүртүүдөн 900 миң сомдон ашык суммага алынган.

Ишкердик субъекттерине тиешелүү материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.