Бишкекте мыйзамсыз сатылган 160 литр бензин алынды

29 января 2024, 12:37

Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май администрациясынын жана №15 МАБнын адистери тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча башаламан соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландалган рейд өттү.

Анын алкагында Профсоюз көчөсүндө болжол менен 160 литр уруксатсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды.

Ошону менен жаңы ишкерлерге карата административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айыппул салынып, башаламан соодага жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.