Бишкекте квадрат метр арзандады.
2019-жылы февралдын экинчи жарымында квадрат метрдин орточо баасы былтыркы ушул маалга салыштырганда 1% түшкөн. Учурда анын баасы $767 деп билдирет мамлекеттик каттоо кызматы.
Экинчи сатылуудагы батирлер арзандай түшкөн. Мисалы 104, 105, 308 сериялар менен жеке типтеги батирлердин баасы төмөндөдү. Былтыркы ушул мезгилге салыштырганда, баалардын айрымасы квадрат метрине $8 түздү.
Ал эми турак жайларга баа 19% жогорулады. Мамкаттоонун маалыматына таянсак, 2018-жылы февралдын экинчи жарымында борбордо баа $47 миң 300 болсо, жыл ичинде $56 миң 200 болуп өскөн.
Февралдын экичи жарымында Бишкекте 578 кыймылсыз мүлктү (жер тамдар менен батирлер) сатуу жана сатып алуу жүрүп, былтыркыга салыштырганда 22.45%, көп болгон.