Бишкектеги банктар жабылды

9 октября 2020, 14:19

«FINCA Банктын» Бишкектеги бардык филиалдары өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жабылды. Бул тууралуу «Акчабарга» жеке булактар аркылуу маалым болду. 

Андан сырткары, Бай Түшүм жана башка финансы-насыя уюмдар дагы өз филиалдарын жабышты. Айрым банктар саат экиге чейин иштешкен. Белгилей кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга 8-октябрдан тарта саат 09:00дөн 15:00го чейин иштөө боюнча сунушун берген.