Бишкекте жол кире кымбатташы мүмкүн
Бишкек шаарындагы кичи автобустун айдоочулары жол киренин акысын жогорулатышы мүмкүн. Анын себеби күйүүчу майдын кымбат болуп жаткандыгында. Бул боюнча Бишкек шаардык кеңештин бийлиги менен жолугушуу болуп өттү.
Вице-мэр Азиз Алымкуловдун айтымында, бул маселени коомдук талкуудан соң чечүү керек. Эгерде жеке маршруттун айдоочулары шаар ичиндеги кыймыл-аракеттерин токтотсо, шаар бийлиги жеке менчик фирмалар менен кызматташууну кайра карап чыгышы мүмкүн.