Бишкекте аба тазалоочу мунара орнотулушу мүмкүн

20 мая 2021, 10:40

Бишкекте экологиялык беш баскычтуу тазалоо процесси менен жабдылган "Smog Tower" орнотуу сунушталды. Бул тууралуу убактылуу мэр Бактыбек Кудайбергенов менен "Cloud Tech" компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

"Cloud Tech" мунара түрүндөгү сунуш кылган инновацияны ачык талаага дагы, калк жыш жайгашкан мегаполисте дагы орнотууга болот. Ал беш баскычтуу тазалоочу процессор менен жабдылганына карабастан, болгону үч киловатт энергияны сарптайт. 

Шаардык муниципалитет кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун карап чыгып, компаниянын сунушун колдой тургандыгын убада кылды.