Борбор калаада гараж кооперативинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

28 июня 2021, 09:20

Борбор калаанын мэриясы Лев Толстойдогу гараж кооперативинин ордуна көп кабаттуу унаа токтоочу жай курууну пландаштырууда. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтынан маалым болду. 

Даяр болгон долбоор жол жана көчө инфраструктурасын жакшыртып, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Сунуш кылынган көп кабаттуу унаа токтоочу жай ыңгайлуу пайдалануу үчүн керектүү нерселердин бардыгы менен жабдылган. Автоунаа токтоочу жай 5-6 кабаттуу болуп, жалпы сыйымдуулугу 400-500 автоунаага эсептелген. Төмөнкү кабатка соода объектилерин жайгаштыруу пландаштырылууда. Анын ичинде тейлөө бекети, унаа жуучу жай, сатыкка чейин автоунаа даярдоо пункту, автосалон, авто тетиктерди сатуучу дүкөндөр, вулканизация болсо, калган кабаттар унаа токтоочу жай үчүн болот.

Кошумчалай кетсек, гараж кооперативинин борбор калаанын мэриясына төрт миллион сомдон ашык карызы бар экендиги белгиленди.