Бишкекте 59 млн сомго бала бакчанын курулушу башталды

28 мая 2021, 15:00

Бишкектеги "Арча-Бешик" конушунда бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

180 орундуу объекттин курулушу 2022-жылы аяктайт, сметалык баасы 59 млн сомду түзөт.

“Бала бакчанын курулушу 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнүн алдында башталганы символикалуу. Кайсы гана мамлекеттин болбосун, мамлекеттик системанын өнүгүү деңгээли калкка, айрыкча балдарга кам көрүүнүн деңгээли менен аныкталат. Кантсе да, алар биздин келечегибиз, эң чоң байлыгыбыз”,  - деди спикер Талант Мамытов.