Бишкекте сыра өндүрүүчүгө бала-бакчанын жери мыйзамсыз сатылган

16 ноября 2020, 13:10

 

 

Бишкек мэриясы 0,60 гектар жер тилкеси бар мурдагы бала-бакчанын имаратын мыйзамсыз саткан. Аталган мекеменин базар баасы 199,2 миллион сомду түзөт, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Көзөмөлдөө органы Бишкек мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Керектөө коомдорунун бирлигинин (Кыргызпотребсоюз) жооптуу кызматкерлери мурунку бала-бакчанын имаратын "Имфико" жабык акционердик коомунун 0,60 гектар жер тилкеси менен бирге мыйзамсыз сатышкандыгын белгилешет. Бала-бакча мыйзамсыз түрдө соода жайына айландырылган.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Имфико" ЖАКтын башчысы болуп Александр Штайнбах эсептелет. Ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү көрсөтүлгөн эмес. Ишкана негизинен сыра өндүрөт. Январь-октябрь айлары аралыгында компания өлкө бюджетин 1 миллион сомго толуктаган.