Бишкекте 800 млн сомго мамлекеттик жер тилкеси мыйзамсыз берилген

27 мая 2021, 10:20

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан борбордун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 3,80 га жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды аткарууда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы М.Т. жана ушул бөлүмдүн башка кызмат адамдары материалдык артыкчылыктарды алуу максатында 2006-жылдын 1-ноябрында жалпы аянты 3,80 га болгон төрт жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды мыйзамсыз чыгарып, беришкен. Алардын базар баасы 800 миллион сомдон жогору.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен иш козголду.