Бишкекте өткөн жылга салыштырмалуу өнөр жай продукциясынын көлөмү 74,5% га өстү

20 июля 2021, 09:15

Бишкекте ушул жылдын январь-июнь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 74,5% га жогорулады, деп жазды Улуттук статистикалык комитет. 

Каралып жаткан мезгилде учурдагы баада 20 миллиард 210 миллион сомго товарлар жана кызматтар өндүрүлгөн (2020-жылдын январь-июнь айларында 16 миллиард 860,3 миллион сом). Анын ичинен 13,9% электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү кызматтарына туура келет.

Республикада өнөр жай өндүрүшү боюнча борбор калаада алдыңкы орунда турат. Бишкек шаары өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн наркы боюнча 13,12% түзөт.