Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды

23 ноября 2022, 08:55

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Кыргызстандагы Түркия элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Хусейин Коч Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү маселесин эки тараптуу жолугушууда талкуулашты. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги маалымдады. 

Келечекте фонд Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүп, эки өлкөнүн экономикасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө салым кошоору күтүлүүдө.

Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Ошондой эле, ал алыскы чет мамлекеттер менен тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт. Ошондуктан,  жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу сооданын көлөмүн эске алуу менен болгон потенциалды арттыруу маселелерин талкуулашты. 

Мындан тышкары, жыйынга катышкан түрк бизнесинин өкүлдөрү курулуш жана өнөр жай тармагында бизнес жүргүзүүгө уруксат алуу жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча суроолорду беришти.