Бишкекте мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды

15 апреля 2024, 10:30

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Белгилеп кетсек, ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салынып, жалпы сумма 35 миң сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, айып пул Бишкек шаарынын тургундарына салынган.