Бишкекте француз-герман маданият институту ачылат

23 августа 2021, 16:27

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Франциянын элчиси Франсуа Делаус жана Германиянын элчисинин орун басары Давид Вестенфельдер менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, тактап айтканда, Бишкекте француз-герман маданият институтун түзүү талкууланды.

Франсуа Делаус Франция менен Германиянын өкмөттөрү Кыргызстанда француз-герман маданият институтун түзүү жөнүндө кабыл алган чечими тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, окшош институттар Италия, Бразилия жана Иракта да түзүлмөкчү. Бул институттун Бишкектеги ишмердүүлүгү тил курстарын, биргелешкен концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, конференцияларды уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий, билим берүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталат.

Жылдыз Бакашова бул чечимге ыраазычылыгын жана кыргыз тараптын биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.