Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин инвестициялык фонду ачылат

10 ноября 2021, 11:26

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин инвестициялык фонду ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ТМККнын алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, ТМККнын Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.