Бишкекте Global Green Growth инстутунун кеңсеси ачылат

26 октября 2022, 11:22

Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Глобалдык жашыл өнүгүү институту (GGGI) өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумдун максаты Кыргызстандын жашыл экономикага системалуу өтүү максатына жетүүгө жардам бере турган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөнүн техникалык жардамга, каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган тараптардын кызматташуусуна, экономиканы өнүктүрүү моделине көмөктөшүү.

Маалым болгондой, эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу максатында тараптар жашыл демилгелерди илгерилетүү үчүн Кыргызстанда жергиликтүү Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсесин ачууну макулдашты.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда туруктуу жашыл каржылоону тартуу механизмин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ал энергетика, транспорт жана айыл чарба сыяктуу тармактарга багытталышы керек.