Бишкектеги убактылуу кармоочу жайды оңдоого дээрлик 8 млн сом сарпталат

13 мая 2022, 15:40

Бишкек шаарынын мэриясы Орозбеков көчөсүнүн боюнда жайгашкан Свердлов РИИБнин №11 убактылуу кармоочу жайын (документте ушундай көрсөтүлгөн) оңдоону пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо пландалып, ага 7 миллион 934 миң 393 сом керектелет. Анын ичине чатырды, жүк көтөрүүчү дубалдарды оңдоо, имараттын фасадын бүтүрүү, радиаторлорду демонтаждоо жана орнотуу, жылыткычтарды төшөө, электр менен камсыздоо жана башкалар кирет.

Сатып алуучу уюм болуп борбордун мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы саналат.