Бишкекте 50 млн сомго жеткинчектер үчүн спорт комплекс курулуп жатат

29 июня 2020, 10:15

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы жаш жеткинчектер  үчүн курулуп жаткан спорт мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 

 

Маалым болгондой, имараттын аянты 2 миң квадрат метрди ээлейт жана үч спорт залы, кийинүүчү бөлмө, кеңсе жана жуунучу жай бар. Имараттын аймагы жашылдандырылып, тротуар салынат. Курулуш иштерине дээрлик 50 млн сомдон ашык каражат керектелет. Спорт комплексти салып жаткан «Бийик KG» компаниясы иштерди жыл аягына чейин бүтүрөрүн билдирди. 

 

 

Спорт комплекс грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону жана Олимпиада оюнунун жеңүүчүсү Раатбек Санатбаевдин атынан коюлат.