Бишкекте 140 орундуу жаңы бала-бакча курулат

22 сентября 2021, 15:20

Борбор калаанын "Дордой" жаңы конушунда 140 орундуу бала-бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жер тилкесинин жалпы аянты 0,57 га жакын. Сынактын жыйынтыгы боюнча капиталдык курулуштун коомдук жана мамлекеттик администрациясы подрядчы катары "Монолит Строй" курулуш компаниясын аныктады.

Мекеменин курулушуна каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.