Бишкекте 6,5 млн евролук оорукана пайда болду

5 марта 2024, 12:37

2023-жылы Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен Кургак учук менен күрөшүү программасы-V долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жаңы жабдуулар менен жабдылган кургак учук ооруканасы курулган.

Ооруканага 6,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражат сарпталган.

Медициналык жай 128 койкалуу, кургак учуктун бардык түрлөрүн аныктоо жана дарылоону камсыз кылат.