Бишкекте жер кендерин иштетүүнүн жаңы модели сунушталат

15 апреля 2019, 09:20

Мамлекеттик башкаруу  жана саясат институту ( УЦА) 16-апрелде жолгушуу уюштуруп, ага мамлекет органдары, кен казуучу компаниялар менен эксперттер, изилдөөчүлөр, эл аралык уюмдар катышат.  

Күн тартибинде: Кыргызстандагы кен казуу тармагын анализдөө каралат. Аны өнөр жай, энергетика жана кен казуу тармагы  атайын презентация жасап, анда «Туруктуу өнүгүү үчүн Гоби менен кызматташуу» деген тема талкууга алынат. 

Программа (Британиянын)  Оксфорд Униерситетинин Мамлекеттик башкаруу  жана саясат институту (УЦА)  менен эл аралык көз  карандысыз  Монголия институ тарабынан иштелип чыгууда (IRIM).

Негизги максаты Кыргызстан менен Таджикстандын кен казуу тармагында Монголиянын тажрыйбасын алып, туруктуу  өнүктүрүүгө багыт алып, негативдүү  жагдайларды төмондөтүү. Бул «Бир кур-бир жол» программасынын алкагында инфаструктураларды жакшытрууга каралган.

«Кен казуу тармагында мамлекеттер кезиккен тоскоолдуктар, бул экологиялык жана экономикалык  максаттарды айкалыштыруу. Ошондуктан, жергиликтүү эл экологияга байланыштуу дайыма негативдүү болгондуктан, баардык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн механизмди сунуштоо» деп эсептейт  Мамлекеттик башкаруу  жана саясат институтунун директору Кемел Токтомушев.

Презентацияда Оксфорд Университетинин  эксперттери катышып, Монголиядагы тажрыйбалары менен ой бөлүшмөкчү.