Бишкекте курулуп жаткан объектилердин пилоттук долбоору көрсөтүлдү

19 декабря 2022, 15:30

Бишкек шаарынын прокуратурасы Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте борбор калаада курулуп жаткан объектилердин электрондук базасынын пилоттук долбоорун сунуштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланды. 

Бул электрондук маалымат базасы шаар куруу мыйзамдарына жана курулушка прокурордук көзөмөл менен мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле, аныкталган мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү үчүн шарттарды түзөт.

Кошумчалай кетсек, келечекте бул электрондук база жарандарга бардык курулуштар боюнча толук маалымат алууга мүмкүндүк берет.