Улуттук банк «Вариант и Ко плюс» акча алмаштыруучу жайдын ишин токтотту

27 января 2021, 17:41

Улуттук банк «Вариант и Ко плюс» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын токтотту. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.

 

 

Регулятордон белгилеп кетишкендей, акча алмаштыруучу жайлардын иши 27-январдан 2-февралга чейин, КР мыйзамдарын жана нормативдик укук актыларын бузгандыгына байланыштуу токтотулду.