Бишкекте кыргыз-венгер агроөнөр жай бизнес форуму өтүүдө

22 ноября 2022, 14:38

Бишкекте кыргыз-венгер агроөнөр жай бизнес форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду уюштурган форумга ишкерлер, кыргызстандык жана венгриялык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен каржы институттарынын өкүлдөрү катышууда. 

Иш-чаранын программасы балчылык, мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк жана айыл чарба техникалары сыяктуу төрт секцияга бөлүнгөн.

“Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү ишмердүүлүгү эки өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгын бекемдеп, пландаштырылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт”,-деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. 

Ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, өзгөчө бул нерсе экономиканын агроөнөр жай тармагында жигердүү жүрүп жатканын баса белгиледи.