Бишкекте улуттук климаттык форум болуп өттү

17 декабря 2019, 16:42

17-декабрда Бишкек шаарында «Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсү: пост-Париждин кыймылы жана жарандык коомдун орду» аталыштагы   Улуттук климаттык форум болуп өттү. 

Форумга парламенттин өкүлдөрү, мамлекеттик органдын кызматкерлери, эл аралык уюмдар, каржы институттар, бизнес-сектор ж.б. тармактын өкүлдөрү катышышкан. 

Катышуучулар КР туруктуу өнүгүү келечеги тууралуу суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүшүп, өлкөгө газ кесептин жоюу, аймактарды өнүктүрүү, жеке жана коомдук сектор менен бирге жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында бирге кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Мындан тышкары форумда Кыргызстан үчүн климаттык каржылоонун келечеги талкууланды.