Бишкекте Кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

2 декабря 2022, 17:43

Бишкекте 9-декабрда “Hyatt Regency Bishkek” мейманканасынын конференция залында “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар агенттигинин сайтына жарыяланды. 

Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү. 

Делегациянын кеңири курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн арасында өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берилген.